Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
Эки айлык уулун карга ыргыткан блогерге иш козголушу ыктымал (видео)
09.01.2024 | 18:02
Эки айлык уулун карга ыргыткан блогер Сергей Косенкого каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Башкы тергөө комитети билдирди.
Комитетке текшерүү жүргүзүп, иш козгоо тапшырмасы берилди.
Сергей Косенко Лео аттуу 2 айлык баласын кар күрткүгө таштаган видеосун жарыялаган. Көп өтпөй ал жарыялаган видеосун өчүрүп, уулун эмес, куурчакты ыргытканын билдирген.
Маалыматка караганда, окуя Европадагы белгилүү Куршавель курортунда болгон.
Россиянын депутаттары блогерди жоопко тартып, баланын укугун коргоого чакырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом