Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Чүйдө эки адам кыз кишини күчтөп унаага отургузуп, ала качып кетишкен
09.01.2024 | 17:40
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери кызды уурдап качкан жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-январда болжол менен саат 14:50дө белгисиз адамдар Ак-Босого конушунда 25 жаштагы кызды күч менен Honda Stepwgn унаасына отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Жол милициянын кызматкерлери кызды уурдаган жарандарды – унаанын 45 жаштагы айдоочусу менен 31 жаштагы Ш.Р. аттуу жаранды Сосновка айылынан кармаган.
Учурда шектүүлөр Жайыл райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ал эми унаа айып короосго токтотулган.