«Ош» базарынын аймагында жоголуп кеткен 6 жашар бала табылды  

«Ош» базарынын аймагында жоголуп кеткен 6 жашар бала табылды  

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызмат полкунун кызматкерлери дайынсыз жоголгон баланы таап, жакындарына кайтарып беришти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-январда болжол менен саат 15:30дар чамасында З.Т. жана В.К. аттуу жарандар “Ош” базарынын аймагынан жоголуп кеткен 2017-жылы туулган жашы жете элек «Н.» аттуу уулун издеп табууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан.

Кыска убакыттын ичинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызмат полкунун кызматкерлери, милициянын старшинасы Учкунбек Абдисали уулу жана милициянын кенже сержанты Темирлан Табалдиев тиешелүү иштердин жүрүшүндө “Ош” базарынын аймагынан мурда жоголгон баланы табышкан.

Ата-энелер милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>