Ыр, сүрөт, китепти күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташатЭки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү
Эки жыл тынч турган Бишкектин борбордук стадионунда футбол болот
07.05.2021 | 10:19
Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 9-турунун алкагында “Алга” жана “Абдыш-Ата” командалары оюн өткөрөт.
Беттеш бүгүн, 7-майда, саат 20:00гө белгиленген.
Фрунзелик “Алга” 7 турдан кийин 19 упай топтоп, турнирдик тизменин башында келе жатса, Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасы 13 упайы менен 4 сапта.
Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков стадионунда эң соңку оюн 2019-жылы 19-ноябрда өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беттешип, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.
Беттешти Кыргыз Спорт телеканалы түз эфирде көрсөтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт