ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталдыЖабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстандын Айыл чарба министрлиги урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу чектөө киргиздиХоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Болгарияны жеңдиЖаратылыш ресурстары министрлиги «Жашыл мурас» программасынын алкагында Токмокто эки миң көчөт отургуздуОшто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жазуулар өчүрүлүүдө
Экөө жакын курбу. Жалал-Абадда кызды сабаган видеонун чоо-жайы
06.07.2022 | 11:49
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тараган видео жөнүндө түшүндүрмө таратты.
Буга чейин Жалал-Абад шаарында жаш кызды аёсуз сабап жатканы чагылдырылган видео социалдык тармактарга жарыяланган. Видеодо белгисиз кыз өзү менен тең чамал кызды сабагандыгы көрсөтүлгөн.
Облустук милициянын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 7-июнь күнү болгон. Видеодогу мушташып жаткан кыздардын өздүгү такталып, алар милицияга алынып келинген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө эки кыз жакын курбу экендиги аныкталган. Мындан улам жабырлануучу эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Кийин тосмо арыз жазып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом