Каракол: Аёосуз сабалган Айзатка акчалай жардам көрсөтүлөт

Каракол: Аёосуз сабалган Айзатка акчалай жардам көрсөтүлөт

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Айзат Үсөнбаевага акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, жарыяланган материалдардан жана Ысык-Көл облусунун башчысынын жардамчысы Алтынбек Сулайманов менен жолугушуудан кийин атайын комиссия каржылык жардам көрсөтүү боюнча арызды карайт. Буга чейин Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова Айзат Үсөнбаеванын Жети-Өгүз районунда каттоодо турганын айтып, акча бөлүүдөн баш тарткан.

Эске сала кетсек, 14-майда Каракол ШИИБге облустук ооруканадан денесинен жаракат алып, 38 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аял алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө тобу ага күйөөсү денесине залал келтиргенин аныкташкан. Шектүү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» жана «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>