Чолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койду
Экөө жакын курбу. Жалал-Абадда кызды сабаган видеонун чоо-жайы
06.07.2022 | 11:49
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тараган видео жөнүндө түшүндүрмө таратты.
Буга чейин Жалал-Абад шаарында жаш кызды аёсуз сабап жатканы чагылдырылган видео социалдык тармактарга жарыяланган. Видеодо белгисиз кыз өзү менен тең чамал кызды сабагандыгы көрсөтүлгөн.
Облустук милициянын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 7-июнь күнү болгон. Видеодогу мушташып жаткан кыздардын өздүгү такталып, алар милицияга алынып келинген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө эки кыз жакын курбу экендиги аныкталган. Мындан улам жабырлануучу эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Кийин тосмо арыз жазып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом