Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Сооронбай Жээнбеков зыярат кылганы Мекке шаарына жубайы экөө учуп кеткен. Аларды Сауд Арабиянын падышасы чакырган.
«Бул сапар 2020-жылдын ноябрь айынын башында эле пландаштырылган. Пандемияга байланыштуу зыяратчылардын кирүүсүнө чектөө киргизилген. Жол-жобого ылайык, бул сапар үчүн расмий чакыруу келиши керек эле», — деди Стамалиева.