Элчи: Украинада күчтөрдүн бөлүнүшү 2014-жылы эле калыптанган

Элчи: Украинада күчтөрдүн бөлүнүшү 2014-жылы эле калыптанган

Кыргыз Улуттук университетинин россиялык изилдөө борборунда “Украина кризисин чечүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” деген темада тегерек стол өттү. Иш-чарага бир катар жогорку окуу жайлардын жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун алкагында негизги баяндамачы катары Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник чыгып, Украинадагы саясий кризистин өнүгүү этаптары жана аны жөнгө салуу жолдору тууралуу лекция окуду.

Анын айтымында, 2014-жылга чейин Украинанын ичинде ар кандай көз караштагы күчтөр тең салмакта турган. Батыш аймактар Европага ыктап, интеграцияны көздөсө, түштүк жана чыгыш аймактар Россия менен байланыштарга артыкчылык берип келген. Ал Украинанын батыш бөлүгүн экономикалык жактан алсыз, агрардык аймак катары мүнөздөп, бул регион 1939-жылы СССРдин курамына киргенин эске салды.

Жыйын соңунда катышуучулар Украинадагы тынчтык жараянын колдоорун билдиришип, Стамбулда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыгарына үмүт артыларын айтышты. Эксперттер мурдагы жана азыркы сүйлөшүүлөрдүн форматтарын талдап, Россиянын тынчтык орнотуу аракеттерине баа беришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>