ЭлТРдин кызматкерлери иш таштап, өкмөт маселени чечүүгө мөөнөт сурады

ЭлТРдин кызматкерлери иш таштап, өкмөт маселени чечүүгө мөөнөт сурады

ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директор болуп жаңы дайындалган Шаиста Шатманова менен иштешпейбиз деп жумуш таштаган каналдын кызматкерлерижумушка кайтып келип, өз ордуларында кадимкидей иштеп жатат. Бул тууралуу “Репортерго” атын атагысы келбеген телеканалдын кызматкери кабарлады.

Анын айтымында аларга байланышкан өкмөттүн өкүлү бүгүн кечке чейин аталган маселени чечүүгө убада кылып, мөөнөт берүүнү суранган. 

“Кечээ биз саат 18:00дө иш таштаганбыз. Бизге өкмөттөн байланышып, аталган маселени чечүүгө убакыт керектигин айтышып, ага чейин эфирди үзгүлтүккө учуратпоо керектигин айтышты. Биз саат 20:00дө кайра иш ордубузга кайтып келип иштеп баштадык.  Учурда канал кадимкидей иш алып барууда”, — дейт ал. 

Ошондой эле ал Шаиста Шатмановага телеканалдын жамааты эмнеге каршы болуп жаткандыгын да айтты. 

 “Биринчиден бизге теле жаатын жакшы билген адам жетекчи болушу керек.  Экинчиден эмнеге дайым эле сырттан алып келип, дайындай беришет. Биздин редакциянын ичинде деле татыктуу адамдар бар”, — дейт каналдын кызматкери.

Анын айтымында телеканалдын жамааты башкы директорлукка редакцияда буга чейин иштеп келген эки адамдын талапкерлигин өкмөткө сунуштаган.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-октябрда “ЭлТР” МТРКсына башкы директор болуп жаңы дайындалган Шаиста Шатманова менен иштешпейбиз деп каналдын кызматкерлери иш таштаган. Эгер Шатманованы өкмөт жетекчиликтен албаса  Конституциялык сотко арыз менен кайрылышарын кабарлашкан.

 

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>