Эмне үчүн Египетте борбор азиялык студенттер массалык түрдө камалып жатат?

Эмне үчүн Египетте борбор азиялык студенттер массалык түрдө камалып жатат?

Египетте Борбордук Азиядан жана Кавказдан келген студенттердин массалык түрдө кармалышы башталышы гана болушу мүмкүн, ал эми ушуга окшогон акциялар, анын ичинде депортациялар башка өлкөлөрдө да болушу мүмкүн. Мындай пикирин коопсуздук боюнча эксперт Динмухамед Алманбетов «Репортер.kg» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Эксперттин айтымында, «репрессиялар» 9-майда Москвада Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөн параддан кийин башталган.

«Египет англиячыл өлкө жана мындай мамиле Москвадагы Жеңиш парадына катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө карата болот», — деди.

Ал 9-майда Кавказ менен Борбор Азия өлкөлөрү чогулганда  «Кремль менен дос өлкөлөр аныкталган» деп эсептейт жана анын пикиринде, жалпысынан мындай 27 өлкө бар.

«Түндүк Корея жакшы кадам жасады. Египет Ататүрктүн доорунан бери толугу менен англисчил өлкө болуп келген. Осмон империясы кулагандан кийин толугу менен англисчил  болуп калды. Эми мындай кадамдар бир эле Египетте эмес, Батыштын кызыкчылыгы бар бардык өлкөлөрдө болот», — деп белгиледи Динмухамед Алманбетов.

Эске салсак, ушул аптада Египетте негизинен Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген чет элдик студенттерди массалык түрдө кармоо иштери башталганы мурда кабарланган. Биздеги маалыматтарга караганда, жаштар визасы, каттоосу жана студенттик документтери болгонуна карабай,  кармалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Египет

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>