Энергетика министрлиги мунайдын баасынын өсүшү жана импорттун абалы тууралуу маалымат берди

03.09.2025 | 14:10

Энергетика министрлиги өлкөдөгү мунай продуктыларынын баасынын өсүшү жана жеткирүүлөрдүн абалы тууралуу расмий маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93% Орусиядан импорттолот. 2025-жылга карата жеткирүүлөр боюнча сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек, алдыда мунай продуктуларынын импорту улантылат.

Министрлик быйыл жайдын ортосунан тарта өлкөдө бензин жана дизелдик отундун баасынын өсүшү байкалганын, бул дүйнөлүк мунай баасынын кымбатташы, ошондой эле Орусиядагы айрым мунай иштетүүчү заводдордогу оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.

“Орусиянын 2025-жылдын 27-августунда бензинди экспорттоого киргизген убактылуу чектөөсү Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүнө тиешеси жок. Ошондуктан Кыргызстан келишилген көлөмдө күйүүчү май менен камсыз болууда”,- деп түшүндүрдү Энергетика министрлиги.

Ошондой эле мекеме ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.

Scroll to Top