Эркин күрөш боюнча курама Сербиядан кайтып келди — видео

Эркин күрөш боюнча курама Сербиядан кайтып келди — видео

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.

Курама команданы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти. Учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйыны өткөрүлгөн жок.

Эскерте кетсек, Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында балбандар Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло медалга ээ болушкан.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келген. Муну менен спортчулар эки алтын, үч коло медаль багындырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>