Элчи: Кытай Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо саясатын колдойт

Элчи: Кытай Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо саясатын колдойт

Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын бекем колдойт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Бишкекте өткөн Кытай Эл Республикасынын түзүлүшүнүн 73 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда билдирди.

Элчи эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген саясий маселе жок экенин айтты.

«Эки өлкө түпкүлүктүү кызыкчылыктарга тиешелүү негизги маселелерде бири-бирин колдойт. Кытай Кыргызстандын өнүгүү жолун өз алдынча тандоосун, көз карандысыздыгын, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын бекем колдойт жана дайым жардам көрсөтүп келет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жабыркагандардын саны 198ди түзөт.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>