Эртеңден тарта мектептерде реалдуу режимде окуу жанданат

Эртеңден тарта мектептерде реалдуу режимде окуу жанданат

Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тарта өлкөдөгү 1489 жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6, 9, 11-класстарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, тиешелүү органдардын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

11-ноябрдан тарта реалдуу режимде ачыла турган мектептердин аймактар боюнча саны:

  • Нарын облусу – 142;
  • Жалал-Абад облусу – 220;
  • Баткен облусу – 177;
  • Ош облусу – 434;
  • Ысык-Көл облусу – 160;
  • Талас облусу – 77;
  • Чүй облусу – 279.

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер 2020-жылдын март айында карантинге жабылып, аралыктан окуу режими киргизилген.

2020-2021-окуу жылы башталганда  1-класстын гана окуучулары реалдуу режимжде окуп башташкан.

Сентябрдын аягында 6-класска чейинки бардык окуучулар мектепке барып окуй турганы айтылып, бирок өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу мектептер реалдуу режимге өткөн эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>