БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Этке гашиш жашырып абакка кирип бара жаткан киши кармалды
03.02.2022 | 15:22
Кечээ, 2-февраль күнү, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №27 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз берүү аракети токтотулду. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы Д.Э.М аттуу жаранды мекемеде жазасын өтөп жаткан таанышы 1982-жылы туулган К.Н.А.га арналган эт азыктарына кылдаттык менен текшерүү учурунда жалпы салмагы 77 грамм баңги заты (болжол менен гашиш) табылып, алынган.
Бул факты катталып, кармалган жаран жана чогултулган материалдарды кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн райондук милицияга өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар