Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Бейшеналиев: Эгерде кимдир бирөө мени мас абалында келди десе, дароо кызматтан кетем
03.02.2022 | 15:23
Мени мас болуп келди деп айткыдай кечээ Сабырбек Жумабеков жок болчу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшаналиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал жерде анын жигиттери, өкүл баласы болгон.
«Эгерде кимдир бирөө мас абалында келди десе, дароо кызматтан кетем”, – деди ал.
- Чатак Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун (4-шаардык оорукана) Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра уюштуруу ниетинен улам келип чыккан.
- Бүгүн аталган борбордун кызматкерлери башкы дарыгер Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыгышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом