Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы 2 айга узартылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Ал СИЗО-1де 10-июнга чейин болот.
“Фарид Ниязовго III баскычтагы жогорку тобокелдик менен III даражадагы гипертония диагнозу коюлду. Бул күтүсүздөн инфаркт же инсультка алып келүүсү мүмкүн”, — деп жазган Жолдубаева.
Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.
Белгилей кетсек, 18-мартта өткөн сот отурумунда Ниязовдун камактагы мөөнөтү 13-апрелге чейин узартылды.
Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.