Фарид Ниязов СИЗО-1де дагы эки айга калды

Фарид Ниязов СИЗО-1де дагы эки айга калды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы 2 айга узартылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал СИЗО-1де 10-июнга чейин болот.

“Фарид Ниязовго III баскычтагы жогорку тобокелдик менен III даражадагы гипертония диагнозу коюлду. Бул күтүсүздөн инфаркт же инсультка алып келүүсү мүмкүн”, — деп жазган Жолдубаева.

Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттон  кабарлашты.

Белгилей кетсек,  18-мартта өткөн сот отурумунда Ниязовдун камактагы мөөнөтү 13-апрелге чейин узартылды.

Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>