Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана анын президенттик аппаратын жетектеген Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Биринчи май райондук соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова кабарлады.

Момунованын маалыматына караганда, судья чыгарган чечимге ылайык  Ниязов 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта болот.

Мурдараак райондук сот  Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыгарды.

Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>