Кыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолдуБакыт Төрөбаев КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуОш шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү19-мартка карата аба ырайыИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалды
Франциялык инвесторлор Кыргызстанда лыжа базаларын курууга кызыктар
30.01.2024 | 22:50
Франциялык инвесторлор Кыргызстанда тоо лыжа базаларын куруу долбоорлорун ишке ашырууга кызыгышты. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, фонддун өкүлдөрү Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус жана Франциянын Казакстандагы элчилигинин экономикалык атташеси Винсент Бергер менен жолугушту.
Коноктор фонддун долбоорлору буга чейин Францияда белгилүү экенин жана алардын бирин ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын рыногуна чыгууга даяр компаниялар бар экенин белгилешти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар