Кыргызстандыктар үлүштүк катыш менен батир ала алышат. Президенттин түшүндүрмөсү

Кыргызстандыктар үлүштүк катыш менен батир ала алышат. Президенттин түшүндүрмөсү

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргызстандын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы бул жарлыгы боюнча соцтармакка дагы түшүндүрмө жазды.

Анын айтымына караганда, буга чейин батирлерди мамлекеттик кызматкерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу узак жылдарга берип келген болсок, эми мындан ары бардык жарандарды – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык.

«Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз.

Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк.

Ал кандай шарттар?

Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.

Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!

Эмне үчүн?

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим.

Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз.

“Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу” деген суроолор жаралышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы.

Бир убакта бардык жарандарга:

мейли мамкызматкерби, же жөнөкөй жаранбы бирдей шарттар менен 20-25 жылга алдын ала төлөмү жок эле батир берген мезгилге да жетебиз. Сабыр кылып туруңуздар», — деди ал.

Президент белгилегендей, келечекте үйгө муктаж болгон жарандарга камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында: 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталат.

«Биз айдоо жерлерибизди сакташыбыз кажет. Жер там салып туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым. Тамак-аш коопсуздугубузду жана келечек муунду да ойлойлу», — деп жазды президент.

Ошондой эле, ал азыркы учурда курулуп жаткан жана курулушу баштала турган үйлөрдүн даректери менен бөлүштү.

«МИК” ААК программасы боюнча курулуп жаткан объектилер тууралуу маалымат.

Бишкек ш. Скрябин көч. 45-45а
15 кабаттуу 7 үй. Жалпы 549 батир

Бишкек ш. Ч.Айтматов көч. 102/1-2
18 кабаттуу 6 үй. Жалпы 620 батир

Бишкек ш. Маликов көч. 91
Көп кабаттуу 39 үй
Анын ичинде 11 үй 28 кабаттуу, 17 үй 24 кабаттуу жана 11 үй 18 кабаттуу.
Батирлердин жалпы саны 5050

Ош ш. Набережная көч 3.
9 кабаттуу 2 үй. Жалпы 192 батир

Ош ш. Аэропортко кеткен жол. 9 кабаттуу 103 үй. Жалпы 4986 батир

Жалал-Абад ш. Курманбек көч. 135
9 кабаттуу 7 үй. Жалпы 639 батир

Жалал-Абад ш. Манас көч. 144
9 кабаттуу 6 үй. Жалпы 450 батир

Жалал-Абад облусу, Сузак р., Ленин айылы, Н.Порошай көч. 9 кабаттуу 4 үй.
Жалпы 945 батир

Жалал-Абад облусу, Сузак айылы, Юнусов көч. 5 кабаттуу 7 үй. Жалпы 240 батир

Нарын ш. Молдоев көч. 9 кабаттуу 4 үй.
Жалпы 216 батир

Талас ш. 9 кабаттуу 9 үй.
Жалпы 504 батир

Чолпон-Ата ш. 9 кабаттуу 103 үй.
Жалпы 4986 батир

Каракол ш. Карасаев көч. 9 кабаттуу 103 үй.
Жалпы 4986 батир

Баткен облусу, Аксай, Кулунду айылдары
76 жер там

Суроолор менен МИКке кайрылыңыздар.
МИКтин дареги — Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½

Телефондору — 0772 98 89 010552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (вотсап)

МИКтин сайты — www.gik.kg.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>