Гемодиализ алган бейтаптар резиденциянын жанында митинг өткөрүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын катышуучусу билдирди.
Негизинен бейтаптар гемодиализ кызматына тендер өткөрүүгө каршы болушкан.
“Бул коррупцияга жана кызмат көрсөтүүнүн начардыгына алып келет. «Биз товар эмеспи, тирүү жандыкпыз, биздин ошондой эле тандоо укугубуз бар. Жашообуз тендерден көз каранды болбошу керек», — дешти алар.
Митингчилерге президент Садыр Жапаров чыкты. Оорулуулар белгилегендей, мамлекет башчы аларды угуп, жардамчыларына тапшырма берерин айтып, маселени чечип берүүнү убада кылды.