Алмазбек Атамбаевди сотко ич кийимчен алынып келгени сынга кабылды  

Алмазбек Атамбаевди сотко ич кийимчен алынып келгени сынга кабылды  

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин сотко ич кийимчен алынып келди. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, бул мамилени сындап чыкты.

“Бүгүн Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен, үстүндө футболкачан колониянын кызматкерлери күч колдонуу жолу менен, карда сүйрөп алып чыгышып, конвоирлерге өткөзүп беришкен. Өлкөнүн экс-президентине болгон мамиле. Кыргыз бийлигинин экс-президенти Атамбаевке болгон мамилеси. Ошол эле өзбек же казак туугандар мындай кылмак эмес”- деди.

Ошондой эле социалдык тармактын колдонуучулары да адамкерчиликке жатпаган иш деп сынга алышууда.

Атамбаев 2011-2017-жылдары президент болуп турган кезинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна тиешелүү делинип 11 жылга соттологон. Мындан тышкары 2019-жылдын август айындагы  Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>