Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Гемодиализге муктаждар резиденциянын жанында митинг өткөрүштү. Президент аларга жолукту
23.03.2022 | 17:23
Гемодиализ алган бейтаптар резиденциянын жанында митинг өткөрүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын катышуучусу билдирди.
Негизинен бейтаптар гемодиализ кызматына тендер өткөрүүгө каршы болушкан.
“Бул коррупцияга жана кызмат көрсөтүүнүн начардыгына алып келет. «Биз товар эмеспи, тирүү жандыкпыз, биздин ошондой эле тандоо укугубуз бар. Жашообуз тендерден көз каранды болбошу керек», – дешти алар.
Митингчилерге президент Садыр Жапаров чыкты. Оорулуулар белгилегендей, мамлекет башчы аларды угуп, жардамчыларына тапшырма берерин айтып, маселени чечип берүүнү убада кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар