ЕАЭБ Кыргызстан менен Арменияны кооперациялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырдыКыргызстан менен Беларусь айыл чарбасы боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүшөтЖК электрондук векселдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кароодоБазарлар доору аяктап жатабы? Заманбап соода форматтары Борбордук Азияны кантип багындырууда?Ысык-Көлгө 3 млн май-канат балыгынын чабагы коё берилдиКыргызстанда суунун тарифи эмнелерден куралат: Айыл чарба министрлигинин түшүндүрмөсү
Германиялык футболчу Николай Давыдов Кыргыз курамасына ойнойт
14.04.2021 | 12:18
Германиянын лигаларынын биринде ойногон Николай Давыдов кыргыз жарандыгын алып, FIFA ага улуттук курамага ойногонго уруксат берди. Бул тууралуу башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-мартта болгон маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, көптөгөн футболчулар менен сүйлошүүлөр жүрүүдө жана айрымдарында кыргыз жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү жок.
“Николай Давыдов 1998-жылкы жигит. Анын атасы спорттун көп түрү боюнча Кыргызстандын атынан мелдештерге чыккан. Николай өзү Германиянын 5-лигасында ойнойт. Бирок азыр ал жакта ойногонго мүмкүн эмес, кээ бир аймактарында уруксат берилген, айрым жерлеринде жок. Давыдов бардык машыгуулардан өткөн, биз ага үмүттөнүп турабыз, келечеги бар жигит”, – деди Крестинин.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт