Грек-рим күрөшү: Кыргызстан Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

11.04.2023 | 19:45

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.

Турнир ушул тапта Астанада өтүп жатат.

9-10-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.

Килемге Кыргызстандан 10 спортчу чыгып, алар 7 медаль – 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту.

Натыйжада 166 упай топтоп, командалык эсепте 2-орунду ээлөөгө мүмкүндүк берди.

[image_carousel source=”media: 185456″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top