БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады
19.01.2022 | 23:09
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбек жана жанындагы чогу камактагы алты аял ачкачылык жарыялаганын билдирди.
Аталган борбордун маалыматына ылайык, алар УКМКнын №21 мекемесинин кызматкерлеринин ырайымсыз мамилесине жана камак шарттарына каршы нааразылык акциясына байланыштуу ачкачылык жарыялоо тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн.
Эске салсак, ИИМдин маалыматы боюнча, Гүлзат Мамытбек 7 жарандан акча алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашык.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбектин арызын Башкы прокуратурага жөнөттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом