МСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалган
Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктай тургандыгын айтты – видео
25.10.2020 | 03:40
Бүгүн, 24-октябрда Абу-Дабидеги атайын аралчада өткөн UFC 254 турниринин алкагында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи беттешти.
Анда алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле үстөмдүк кылган Нурмагомедов беттештин экинчи бөлүгүнүн башында Гэйджини муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Муну менен орус мушкери 3- жолу чемпиондук наамын коргоп калды.
Беттештен кийин көзүнө жаш алган Хабиб Нурмагомедов UFCдеги карьерасын жыйынтыктай тургандыгын билдирди.
Ошондой эле ата-энелерди көзү барда сыйлоого чакырып, апасы андан беттештерге чыгууну токтотууну сурангандыгын, эми апасына кам көрүүнү негизги максат кылгандыгын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт