«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда эмне иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына барды
Ижарага унаа алып, башка адамга сатып салган шектүү кармалды
10.04.2023 | 17:47
Чүйдүн Аламүдүн районунда жаш жигит ижарага алган унааны башка бир адамга сатып салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр сентябрь айында 30 жаштагы Н.М. аттуу жаран «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарбастан башка бир адамга сатып салган. Бул боюнча унаанын ээси милицияга арыз жазып кайрылган. Ага 7 миң доллар зыян келтирилген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчлыык) боюнча кылмыш иши козголгон.
8-апрелде милиция кылмышка шектүү катары Н.М. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз