Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөт
Ижарага унаа алып, башка адамга сатып салган шектүү кармалды
10.04.2023 | 17:47
Чүйдүн Аламүдүн районунда жаш жигит ижарага алган унааны башка бир адамга сатып салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр сентябрь айында 30 жаштагы Н.М. аттуу жаран «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарбастан башка бир адамга сатып салган. Бул боюнча унаанын ээси милицияга арыз жазып кайрылган. Ага 7 миң доллар зыян келтирилген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчлыык) боюнча кылмыш иши козголгон.
8-апрелде милиция кылмышка шектүү катары Н.М. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз