Кыргызстанда 127 аял балдарына алимент төлөп келет

Кыргызстанда 127 аял балдарына алимент төлөп келет

Кыргызстанда 127 аял балдарына алимент төлөп келет. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында  Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.

Жыйында “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Нуржигит Кадырбеков энелерден алимент өндүрүү маселесине токтолду.

“Бизде эркектер баласын карабаганы үчүн алимент төлөйт деген традициялуу пикир калыптанып калган. Эгер бала атасында калып, апасы Америкага кетип калган болсо, ошол учурда аял алимент төлөшү керекпи?” деген суроо узатты.

Өз кезегинде Кубат Черикчиев Кыргызстанда 2022-жылдын ичинде 127 аял балдарына алимент төлөп келгенин билдирди.

Алимент төлөбөгөн ата-эне кандай жазага тартылат? Жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>