Алимент өндүрүү боюнча конвенцияга кошулуу маселеси каралды

Алимент өндүрүү боюнча конвенцияга кошулуу маселеси каралды

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргызстандан башка мамлекеттер менен балдарга алименттерди өндүрүүнүн эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу максатында кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган.

«Тагыраагы, Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын карызкор жарандарынан алиментти өндүрүү боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү максатталууда» ,– деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов АКШдагы мигранттардын укуктук абалына токтолуп: “Биздин көптөгөн жарандарыбыз АКШда 10 жылдан ашык убакыттан бери жүрүшөт жана аларда дайыма эле керектүү документтер боло бербейт. Алимент өндүрүп алуу боюнча арыз жазыла турган болсо, карызкор жарандар депортацияланбай, аларга зыян келтирилбей тургандыгы боюнча кепилдиктер кайда?” – деди.

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы Конвенцияга канча мамлекеттер кошулганына кызыкты. Өз кезегинде министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева 60ка жакын мамлекет конвенцияга кошулганын маалымдап: “Кыргызстанда алименттерди өндүрүү боюнча чет жердеги универсалдуу конвенцияларга катышпайт жана көпчүлүк өнүккөн чет мамлекеттер менен юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу келишимдерге ээ эмес”, – деп жооп берди.

Ал эми депутат Эрулан Кокулов аталардын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана балдардын кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзам долбоорун колдоп, сот актыларынын аткарылышын камсыздоо маселесин да көтөрдү.

Андан тышкары, депутат Нуржигит Кадырбеков энелерден алимент өндүрүү маселесине токтолду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>