Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Депутат: “Рахмат” эмес, “алкыш” дегиле (ВИДЕО)
06.10.2021 | 11:28
“Рахмат” деген арабдын сөзү экен, кыргызча “алкыш” болот. Андыктан баарыбыз бир сыйрадан “алкыш” деп айтып койбойлубу? Бул сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенаалы Нурдинов бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, депутат коллегалары менен Орусиянын тоолуу Алтай аймагына барышкан. Ал жакта жалаң кыргыздар жашагандыктан, аларга “рахмат” деп кайрылышкан, ошондо депутаттардын сөздөрүнө түзөтүү киргизип, “рахмат” деген арабдардын сөзү, кыргыздар “алкыш” деп айтышы керек деген.
Мына бул мисалдардан соң жалпы депутаттарга кайрылып, Нурдинов вице-спикер Аида Касымалиевага “алкыш” деп айтып коюууну суранды. Касымалиева болсо, “алкыш сизге” деп сөзүн аяктады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат