Санариптик өнүктүрүү министрлигинин дарегине паспорттордун расмий баасы боюнча көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана айкындуулукту жогорулатуу максатында, расмий баалары жөнүндө билдирет: ID-карта паспорт 2017-жылдын үлгүсүндөгү (е-ID) жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт (e-ЖЖП). Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жөнөкөй жана шашылыш тартипте е-ID паспорту менен документтештирүүнүн баасы:
- биринчи жолу же мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алмаштыргандар:
510 сом — 12 жумуш күн,
1300 сом — 8 жумуш күн,
1640 сом — 4 жумуш күн,
1865 сом — 2 жумуш күн,
4140 сом — 3 саат; (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
- аты жөнүн, улутун өзгөрткөндүгү боюнча алмаштыргандар:
570 сом — 12 жумуш күн,
1360 сом — 8 жумуш күн,
1700 сом — 4 жумуш күн,
1925 сом — 2 жумуш күн,
4200 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
- жоголгон же жараксыз абалга келгендердин ордуна алгандар:
710 сом — 12 жумуш күн,
1500 сом — 8 жумуш күн,
1840 сом — 4 жумуш күн,
2065 сом — 2 жумуш күн,
4340 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
Жөнөкөй жана шашылыш тартипте е-ЖЖП паспорту менен документтештирүүнүн баасы (34 барактуу/50 барактуу):
- биринчи жолу же мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алмаштыргандар:
885/945 сом — 18 жумуш күн,
2300/2365 сом — 8 жумуш күн,
2665/2730 сом — 4 жумуш күн,
3010/3075 сом — 2 жумуш күн,
6475/6535 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
- аты жөнүн, улутун өзгөрткөндүгү боюнча алмаштыргандар:
985/1045 сом — 18 жумуш күн,
2400/2465 сом — 8 жумуш күн,
2765/2830 сом — 4 жумуш күн,
3110/3175 сом — 2 жумуш күн,
6575/6635 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
- жоголгон же жараксыз абалга келгендердин ордуна алгандар:
1085/1145 сом — 18 жумуш күн,
2500/2565 сом — 8 жумуш күн,
2865/2930 сом — 4 жумуш күн,
3210/3275 сом — 2 жумуш күн,
6675/6735 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
- чет өлкөлөргө сотко күбө, эксперт, жабырлануучу катары чакырылган жарандар:
945/1005 сом — 18 жумуш күн,
2360/2425 сом — 8 жумуш күн,
2725/2790 сом — 4 жумуш күн,
3070/3135 сом — 2 жумуш күн,
6535/6595 сом — 3 саат. (Бишкек ш. КТБда жеткиликтүү)
Эгерде паспорттоштуруу бөлүмдөрдүн өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн баадан ашкан сумма талап кылынса, жарандар «119» кыска номуруна кайрылууга чакырат.