Жакынкы апталарда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт

Жакынкы апталарда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт

Жакынкы апталарда бензин 7-8 сомго, дизель майы 12 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.

Ал баанын жогорулашы аргасыз чара экенин, баа саясатына бир нече факторлор таасирин тийгизерин баса белгиледи.

«Баалардын өсүшү жакынкы 2-3 жумада болот. Азыр биз бензинди өздүк баасынан арзан сатабыз. Кыргызстанда чекене баалар болушу керек болгон баадан артта калууда. Мисалы, дизель майынын баасы бүгүнкү күндө 65 сомдон сатылса, май куюучу жайларда 53 сомдон сатылууда. 12 сом артта калып жатабыз», — деди ал.

Эшатов сатуучулар мындай режимде көпкө иштей алышпайт деп ишендирүүдө.

Анын айтымында, азыртан эле айрым май куюучу станциялар жабылууда.

Ал бүткүл дүйнөдө энергетикалык ресурстар кымбаттап жатканын, мындан тышкары Орусия күйүүчү-майлоочу материалдардын чоң көлөмүн чыгарбай калганын кошумчалады. Кырдаал Казакстанда өзүнүн күйүүчү майынын жетишсиздигинен улам курчуп жатат. Алар Орусиядан бензин сатып ала баштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>