Кабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Газондон жасалган. Токмок шаарынын башкы балатысы сынга кабылды (ВИДЕО)
14.12.2021 | 16:12
Токмок шаарынын жаңы жылдык башкы балатысы газондон жасалганы социалдык тармакта сынга кабылды. Айрымдары карагайлардын жасалма жалбырактары калбай калыптырбы деп нааразы болсо, кээ бирлери жоктон көрө жогору деген пикирлерин жазышууда. Арасынан баасына кызыккандар да бар. “Ушуга эле миллиондорду коротуп коюшса керек” – деп суроо салышууда.
Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Reporter.kg ′ге жаңы жылдык балатыга канча каражат кеткенин тактап берээрин убада кылды.
“Бул жаңы жылдык балатынын жасалгасы жакшы эле. Муну бир канча жылдан бери эле колдонуп келе жатабыз. Канча каражат кетээрин тактап берейин”- деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар