Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарланды.
Маалыматка караганда, 30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га, же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган.
Белгиленген план 130%ке, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.
Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.