Борбордук Азия өлкөлөрү согушсуз эле эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда турат

Борбордук Азия мамлекеттери эгемендүүлүгүн (суверенитетин) тынч эле, эч кандай согушсуз жана багынып берүүсүз — бөтөн санариптик платформалардын алгоритмдерине сиңип кетүү менен жоготуп алуу коркунучунда турат. Ал эми жакынкы келечекте дүйнөнүн чакан өлкөлөрүнүн тарыхын батыштын, кытайдын же орусиянын маданий матрицаларынын гана көз карашына (оптикасына) таянып, жасалма интеллект айтып берет. Чолпон-Атада өткөн ШКУнун медиафорумунда экономист-эксперт Кубат Рахимов нейротүйүндөр эмне үчүн геосаясий күрөштүн жаңы майданына айланганы тууралуу айтып берди.
Эксперттин айтымында, технологиялык толкун геосаясий реконфигурацияга (кайра түзүлүүгө) алып келди, бирок аймактагы чакан өлкөлөр муну аягына чейин аңдап түшүнө элек. Дүйнө тутумдун өнүгүүсүнүн критикалык учурунан өттү: медианы санариптик трансформациялоо аяктап, негизги көңүл байланыш инфратүзүмүнөн маани-маңыз (смысл) инфратүзүмүнө бурулду.

Заманбап нейротүйүндөр маалымат издөө үчүн жөн гана курал же «бейтарап түтүк» болбой калды.
«Бул эми редакциялык жоопкерчилиги жок редакциялык чөйрө болуп саналат. Платформа бейтарап эмес. Сизде толук кандуу кайтарым байланыш жок: маалыматты бурмалагандыгы үчүн аларга кантип доомат коё аласыз? Жасалма интеллект ЖИнин өзүнүн базасындагы согуштарга алып келүүдө. Эми нарратив — бул согуш талаасы», — деп баса белгиледи Рахимов.
Ал дүйнөдө ЖИни башкаруунун касталары калыптанып калганын белгиледи: эң жогору жакта генеративдик моделдерге ээлик кылгандар, андан төмөнүрөөк — аларды башкаргандар, ал эми эң ылдый жакта — акысыз версиялардын катардагы керектөөчүлөрү турат.
Борбордук Азия өлкөлөрү (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) үчүн өздөрүнүн кубаттуу ЖИ-моделдерин иштеп чыгуу физикалык жактан мүмкүн эмес. Рахимов бул технологияларды ядролук куралга ээ болуу менен салыштырды. Жана бул аймак үчүн башкы коркунучту жаратат.
Аналогдук медиа доорунда эгемендүүлүк мамлекеттик теле-радио берүүлөр жана дипломатия аркылуу камсыздалчу: маданият министрликтери маани-маңызды жаратып, багыттарды аныктап турчу. Бирок бүгүн бул схема иштебейт.
«Керектөөчү дүйнөнү төмөндөн, санариптик платформа аркылуу таанып-билет. Жана сегиз жашар балдар дүйнөнү ChatGPT аркылуу таанып баштаганда — бул таптакыр башка нерсе. Мамлекеттер бөтөн платформалардын алгоритмдеринде калып, өзүнүн эгемендүүлүгүн байкатпастан жоготууда», — деп билдирди Рахимов.
Бул контекстте эксперт өзүнүн маалыматтык мейкиндигин коргоого алдын ала кам көргөн ШКУнун айрым мамлекеттеринин көрөгөчтүгүнө көңүл бурду.
«Кызыгы (Парадокс), Кытай өзүнүн файрволун (“Улуу кытай маалыматтык дубалын”) түптөгөндө, ага баары күлүшкөн болчу. Ал эми азыр бул дубал өлкөнү түз жана өтмө мааниде да куткарып жатканы белгилүү болду. Иран дагы өзүнүн интернетке кирүү тутумун кура алды. Орусия бул жолго кечигип түштү, бирок ал кадам таштады», — деп белгилеген спикер, бүгүнкү күндө ШКУнун алкагында генеративдик ЖИ чөйрөсүндө толук кандуу санариптик эгемендүүлүккө Кытай жана жарым-жартылай Орусия гана ээ экенин кошумчалады.
Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Кубат Рахимов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдү маалыматтык мейкиндикти коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Анын пикиринде, эгемендүү нарратив — бул жаңы муундун стратегиялык активи, ал эми медиа бүгүнкү күндө таза геосаясатка айланды.
«Медиа-эгемендүүлүктү жоготуп алуу абдан оңой. Азыр бул жөн гана радиожыштыктарды көзөмөлдөө эмес, бул маани-маңыз өндүрүшүн көзөмөлдөө. ШКУнун нарративдик эгемендүүлүгүнүн жамааттык субъектисине айлануу — биз үчүн өтө маанилүү милдет. Эгемендүүлүк колдон кетип жатканда, аны биринчилерден болуп чакан мамлекеттер сезишет, анткени ал абдан тынч (үнсүз) кетет», — деп жыйынтыктады эксперт.
Владимир Банников