Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Өзбекстандан келе жаткан 47 тоннадан ашык дарбыз артка кайтарылды
15.06.2026 | 16:11

Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 47 тонна 780 кг дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кең-Сай» өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөл учурунда дарбыздын эки партиясында мыйзам бузуулар аныкталган. Биринчи партиянын тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок болсо, экинчисинде талапка ылайык маркировка болгон эмес. Буга байланыштуу жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынган.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик чек араларда көзөмөл иштерин күчөтүлгөн тартипте улантып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги