Сыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керек

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев «75 иши» боюнча соттук процессти талкуулоо учурунда оор кылмыш боюнча айыпталгандар тергөө жана соттук териштирүү маалында камакта болушу керек деген пикирин билдирди.
Парламент жыйынында сүйлөп жатып ал Жогорку Кеңешке келип түшкөн кат боюнча дагы деле бир катар суроолор бар экенин, анын ичинде документ парламент жетекчилиги жана профильдик комитеттер аркылуу кандай өткөнү тууралуу жагдайлар такталышы керектигин белгиледи.
«Биз ар дайым чындыкты айтышыбыз керек. Өзүңүздөр айтып жатасыздар, кат 10-күнү келип түшкөн. Ал кайсы төраганын орун басарына түшкөн, ким жана кайсы күнү комитетке жөнөткөн — ушуларды айтып, фамилияларын аташ керек», — деп парламент төрагасына кайрылды депутат.
Сыдыгалиев ошондой эле иш боюнча айыпталгандарга карата бөгөт чарасы тууралуу да пикирин билдирди.
«Тергөө кандай жүрүп жатканына баа бере албайм. Бирок оор кылмыш боюнча айып коюлгандан кийин адам камакка алынышы керек болчу. Тергөө да ал камакта турган учурда жүргүзүлүшү керек. Сот процесси учурунда да камакта болушу керек», — деди эл өкүлү.
Мындан тышкары депутат укук коргоо жана коопсуздук органдарынын мурдагы бир катар резонанстуу иштерин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев каттын парламент аркылуу өткөнү боюнча кошумча маалымат берди. Анын айтымында, документ ошол кездеги төрага Нурланбек Тургунбек уулунун атына келип түшүп, андан соң жардамчысы аркылуу ошол кездеги төраганын орун басары Чыңгыз Ажибаевге өткөрүлгөн.
«Ооба, кат Шакиевге келген. Өзүнүн кеңешчиси жана жардамчысы Алайбек аркылуу Чыңгыз Ажибаевге берген. Ал бир аз кармап туруп, процедураларды тактап, андан кийин документ Курманкул Зулушевге жөнөтүлүп, Конституциялык комитетке кароого түшкөн», — деди Маматалиев.
Ал бул жагдайлар ачык сот процессинде буга чейин эле айтылгандыктан, азыр аларды жашыруунун зарылдыгы жок экенин белгиледи.
Эске салсак, учурда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда «75 иши» боюнча соттук териштирүү уланууда. Иш президенттик шайлоонун мөөнөттөрү талкууланып жаткан учурда Жогорку Кеңешке келип түшкөн катка байланыштуу. Процесстин алкагында сот документтин парламент аркылуу өтүү жагдайларын жана аны кароого тиешеси болгон кызмат адамдарынын аракеттерин изилдеп жатат.