Кыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат

Кыргызстан Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча ислам корпорациясынын (ICIEC) курамына расмий түрдө кирүүгө даярданууда. Республиканын бул эл аралык уюмга мүчө болуу боюнча билдирмесин жактыруу маселеси корпорациянын Башкаруучулар кеңешинин жакынкы жыйынында каралат. Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун Баку шаарында ICIECтин башкы директору Халид Халафалла менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Сүйлөшүүлөр Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Жылдык жыйынынын алкагында өттү. Финансы министрлиги бул абройлуу институтка кошулуу чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, ата мекендик экспорттоочулардын кызыкчылыктарын коргоого жана ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөр менен экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүүдө.
Өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн үстүбүздөгү жылы ICIEC делегациясынын Кыргызстанга расмий сапары пландаштырылган. Тараптар деталдуу консультацияларды өткөрүүгө жана кыргызстандык бизнестин, ошондой эле каржы институттарынын өкүлдөрүнө экспорттук кредиттерди камсыздандыруу инструменттерин колдонуу эрежелерин түшүндүрүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.