Борбордук шайлоо комиссиясы 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Асанбеков Жаныбек Асанбекович менен Жоробеков Азаматбек Жолборсовичтер билими туурасында диплому жана шайлоо күрөөсүн төккөн эмес. Ошондой эле №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке көрсөтүлгөн Керимбеков Бакыт Макенович менен Мамбеталиев Данияр Нурлановичтер шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү үчүн каттоодон баш тартышкан.
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. 2021-жылдын 28-ноябрь айында өткөн шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны басымдуулук кылганы үчүн кайталап шайлоо өтүп жатат.