БШК ЖК депутаттыгына талапкер катары 4 кишини каттаган жок

БШК ЖК депутаттыгына талапкер катары 4 кишини каттаган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн.  Асанбеков Жаныбек Асанбекович менен  Жоробеков Азаматбек Жолборсовичтер билими туурасында диплому жана шайлоо күрөөсүн төккөн эмес. Ошондой эле  №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке көрсөтүлгөн Керимбеков Бакыт Макенович менен Мамбеталиев Данияр Нурлановичтер шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү үчүн каттоодон баш тартышкан.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. 2021-жылдын 28-ноябрь айында өткөн шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны басымдуулук кылганы үчүн кайталап шайлоо өтүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>