Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
Абдыкадыров 64 жашта, Талас облусунан болот. Ал вице-премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси, бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. «НурСтройМонтаж» курулуш компаниясынын жетекчиси.
Буга чейин Reporter.kg Айбек Жунушалиев президенттик аппаратта иштей турганын билдирген болчу.