Зеленский Украинага аскердик режим киргизди

Зеленский Украинага аскердик режим киргизди

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

«Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк!» — деди Зеленский.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Өлкөнүн аба кыймылын тейлеген «Украэрорух» мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.

Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украина өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек», деп жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>