Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет борбору 9-мартта өлкөнүн бардык аймактарындагы аба-ырай туурасында өзгөрүүлөр болоорун билдирүүдө. Тоолуу өрөөндөргө кар түшүп, жамгыр жаайт.
Абанын жылуулугу:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14,
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1°.
Бишкекте кечке маал жаан жаашы ыктымал. Түнкүсүн 4, күндүз 13 градус жылуу болот.