Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Бажы кызматы күткөндөн да көп киреше тапты
14.04.2022 | 18:20
Бажы кызматы 2022-жылдын 1-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча такталган маалыматтарга ылайык, бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14,2 млрд. сомду түздү. 2021-жылдын 1-кварталы менен салыштырганда түшүүлөр 5,8 млрд. сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168,3% түзгөн. КР ФМ тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109,2% аткарылган же 1,2 млрд. сомго көп чогултулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика