Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Салык кызматы ККМ сатып алууга тендер жарыялады
15.04.2022 | 09:00
Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машиналарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Мамлекеттик салык кызматы каалаган банктардын бардык төлөм карталары боюнча накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу функционалы менен жабдылган гибриддик контролдук-кассалык машиналарды (ПОС-терминал), кассалык аппаратты жана инвентаризациялоо тутумун сатып алууну көздөөдө. Жалпысынан 10 миң ККМ сатып алуу пландалууда.
Белгиленгендей, төрт айдын ичинде аппараттарды бөлүктөргө бөлүп жеткирүү пландалууда. Төлөм ар бир иш жүзүндө жеткирилгенден кийин жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика