Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
“Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынан активдүү мүчөсү чыкты (ВИДЕО)
25.05.2022 | 18:26
23-май күнү Кочкор районунда сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү ячейкасынын мүчөсү М.у.С. диний багытты тандоодо адашкандыгын мойнуна алды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 25-май күнү билдиришти.
Маалыматка караганда, “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын экстремисттик идеяларынан баш тартып, башка жарандарды аталган агымдын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого үндөдү.
Белгилей кетсек, аталган Кыргыз Республикасынын жараны М.у.С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, “Йакын Инкар” кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар